ИИМ: Нарындын тургуну өзүнө жана аялына бензин чачып өрттөп жиберген

Кечээ, 5-февралда Нарындагы үйлөнүү-үлпөт салонунда күйөөсү аялына жана өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында жазылган.

"Нарын шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, анын негизинде окуя боюнча төмөнкү жагдайлар аныкталды: Нарын шаарында жайгашкан үйлөнүү-үлпөт салонунун ичиндеги ижарага алынган туристтик фирмада эмгектенген Ж.Тимур жана Р.Бегимай иштеп отурганда Бегимайдын жолдошу Ж.Раймаалы келип, Тимурдан сыртка чыгып турууну суранган. Эшикти бекитип, көтөрүп келген пакеттин ичиндеги бензинди Раймаалы өзүнө жана Бегимайга чачып өрттөп жиберген. Натыйжада Бегимай менен Раймаалы денелеринен оор жаракат алышып облустук ооруканага жаткырылышкан. Бул факт Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөө иштери башталды",- деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу жабыркагандардын аттары өзгөртүлгөн.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-февралда Нарын шаарында өрт кырсыгы катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
stal.ks
2016-02-06 21:34:13
катуу кызганганго куйосу
+2
gulkar
2016-02-06 21:56:37
Эхх кантип кана озулорунун омуруно кол салышат.
Реанимацияда канчасы олум м-н,омурдун ортосунда жатышат,туугандары омур тилеп суранып.
А жигит болсо омурдун баркына жетпей кылганын кара.
+2
Molloeva
2016-02-06 22:35:40
Эхх заманыбыз эмне болуп баратат мусулмандар ушунчалык мыкаачы болуп баратабызбы болгондо да эн жакын адамдарыбызга кол салып. Бироосу апасына, дагы бироо аялына баласына :(
+3
Gulya21
2016-02-07 00:58:00
Molloeva,заманыбыз бир жакшы биз эн жакшы заманда жашап жатабыз бир нерсе болсо эле баарын заманды айыптуу кыласынар тообо
+3
TAYiRbEK_kGZ
2016-02-06 22:39:31
Бир берилген омурдо жон эле тынч эле жашашпайбы озунун жанына озу кол салбай
+3
vestel
2016-02-06 22:48:16
Kuday sakta emne boldu eken bunchalyk
+2
alas
2016-02-06 22:56:49
Кудай тооба кылдым кудай тооба кылдым кудай тооба кылдым
+1
Savai80
2016-02-06 23:17:06
"Махабат дастаны" киносунда Раймаалы менен Бегимайды фильмдин сонунда орттоп жиберишкен. Ал эми бул Раймаалы менен Бегимайлар оздорун оздору орттоп жиберишиптир
0
Moskva.kg
2016-02-06 23:48:06
Эмне себеп болду экен менин оюмча аялынан кеткен го бир жумуш дайындаса кылбай койгондур же башка эркек м.н жургонун коруп калгандыр
-3
bella.8712
2016-02-07 00:54:38
Кызганычтан болгонго,кызганыч эмне кана кылбайт.ар бир инсанга сабыр бер Аллахым
+5
zhumagul89
2016-02-07 06:33:58
Каяка баратабыз.
0
EdikoKG
2016-02-07 09:23:04
Жаман иш. Канчалык кызганган учурда да,озун колго алып,сабыр кылуу керек эле. Мындайга тиги эркек сооройдун алы жетпептир. Ошончолук эле кызганса,Бегимайды жакшы карап,жакшы соз айтып,эркелетип,капа кылбай дегендей. Кем акыл.
+1
modem4999
2016-02-07 10:44:13
EdikoKG,сиз ал эркеке
жаман соз айтпай эле турунуз,балким кызганычтан эркектик намысы менен ошол нерсеге баргандыр,эгер аял кишинин журогундо ыйманы жок болсо алтынга болоп койсон да кылчысын кылат.
0
aziziko
2016-02-07 14:45:22
modem4999,эмне кызгандым деп орттоп жибериш керек беле? Кыйын эркекпи катынды катындай кылып багыш керек. Эркек эмес да ошол учун орттоп жиберди . Акылы болсо катынды кытын кылып багып алмак. Алсыз эркек да ошол учун орттоду
0
rima2015
2016-02-09 16:12:16
modem4999,оба эн туура айттыныз!
0
aksy-beka
2016-02-07 12:15:50
Кызганычтан болсо керек
+1
Flander
2016-02-07 13:18:04
Таңгөрү Раймалыы
-1
Nazgul83
2016-02-07 22:08:59
Тобоо заман не болуп баратат
0
admin_portal
2016-02-08 15:01:10
bkuramaev - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан