Мандаттан ажыраган депутат Элмира Жумалиева Эл аралык сотко кайрылат

Депутаттык мандаттан ажыраган Элмира Жумалиева фракция тарабынан "мандаттан баш тартууга арыз жазышты" деп БШКга берген арыздар боюнча экспертизанын жыйынтыгына макул эмес. Муну экс-депутат өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Бизди жазды делген арыздарды экспертизага алып келишип, кайра дароо алып кетип калышты. Арыздын көчүрмөсүн алып калышып, ошол көчүрмөнү микроскоп менен текшеришти. Уят эле да. "Арыздар оригинал, өздөрү кол коюшуптур" деп чечим чыгарышты. Балким, ал 5 жыл мурун жазылган арыздыр, ким билет? Биз шайлоо алдында арыз жазганда "Кыргызстан" деген фракция жок болчу. Партиянын мүчөсү катары "жетиштүү добуш албасам, мандаттан баш тартам" деп жазганбыз. Акчанын күчү менен баарын бүтүрүп жатышат",- дейт Жумалиева.

Экс-депутат Эл аралык сотко кайрыларын кошумчалап, учурда тийиштүү документтер даярдалып жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан