Куудулдарды сындаган депутат: "Тынар менен Рахманды соттотууга бүт күчүмдү жумшайм"

Парламент депутаты Мээрбек Мискенбаев: "Куудулдар Тынар Курбаналиев менен Рахман Разыковду сот жообуна тарттырууга бүт күчүмдү жумшайм",- деп билдирди 9-февралда радиолордун бириндеги түз эфирде. Депутат "аталган куудулдар элди бөлүп-жарды" деген пикиринен кайтпай турганын тастыктады. "Куудулдар айткан сөзүнө жооп бериши керек" деген пикирде.

"Мейли, депутаттарды, өкмөттү, саясатчыларды сындашсын, бирок эл үчүн курман болгон баатырларга тийишпесин. Аларга тийишүүгө эч кимдин акысы жок. Мени "Бул депутаттын башка кыларга иши жокпу?" деп социалдык тармактарда сындап жатышат. Түшүнгүбүз келбей жатканы менен, элди түндүк-түштүккө бөлүү - абдан олуттуу маселе. Мени жети атамдан бери сөгүп, жаман көрүшсө деле бул маселени аягына чыгарам",- дейт Мискенбаев.

Эскерте кетсек, депутат жакында парламентте "куудулдар Апрель баатырларына шек келтирип, элди бөлүүдө" деп куудулдарды, ырчы Бек Борбиевди айыптап чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан