Тоң районунда 14 жаштагы кыз көпүрөдөн секирип, милиция кызматкери аны кармап калууга үлгүрдү (фото)

Тоң районунда көпүрөдөн секирип өлүүгө аракеттенген кыздын өмүрүн милиция кызматкери сактап калды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-февраль күнү саат 09:30 чамасында болгон. Анда Тоң РИИБинин кызматкери Шапак Таалайбеков түнкү нөөмөттөн чыгып, унаасы менен келе жатып Төрт-Күл менен Бөкөнбаев айылдарынын ортосундагы көпүрөдө өспүрүм кыз жалгыз турганын көргөн. Кыз ага шектүү көрүнүп, унаасынан чыгып жанына жеткенче ал өзүн таштап жиберген, бирок милиционер аны кийиминен кармап калганга үлгүргөн. Өз өмүрүнө кол салууга аракеттенген кыз Төрт-Күл айылынын тургуну. Ал мындай жагымсыз жорукка өзүн жоготуп, эмне кылып жатканын билбей калгандыктан улам барганын айткан.

"Мен аны кармап калганга кантип үлгүргөнүмдү азыр да эстей албай жатам. Биз экөөбүз тең кулап кете жаздадык, көпүрөнүн бийиктиги 20-25 метрди түзөт. Мен кыздын кийиминен эки колдоп катуу кармап, өзүм кулап кетпөө үчүн бутум менен көпүрөнүн темирине таканчыктап турдум. Жардамга чакырайын десем эч ким көрүнбөйт. Өспүрүм кыз колумдан жулунуп, мага каршылык көрсөтүп жатты. Мен аны көпүрөнүн үстүнө чыгарууга аракеттенип жаттым, ал менден бошонууга жулунуп ыйлап жатты, экөөбүз ошентип бир топко алыштык. Бир аздан кийин ал сооронуп, мага каршылык көрсөтпөй калды, ошондо гана мен аны көпүрөнүн үстүнө тартып чыгарып алдым",- дейт кыздын өмүрүн сактап калган Таалайбеков.

Учурда милиция кызматкерлери өспүрүм эмнеден улам өз өмүрүнө кол салууга аракеттенгенин аныктап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
dubai
2016-02-18 15:17:04
кинодогудай болуптур,милиция кызматкери азамат!Коп жаша,Алла раазы болсун!
+9
maks83
2016-02-18 15:22:05
олом дегендер олоберсин да оз жанын кыйгандар аркасынан бироо олмок беле.Сабырдуу бололу!
0
Aibek8992
2016-02-18 15:25:44
Сыйлык берилиш керек. Азамат Аллах ыраазы болсун. Эгер ал себеп болбогондо кырчындай курактагы кыздын өмүрү кыйылып кете бермек. Бир адамды куткаруу бүтүндөй адам затын куткарууга барабар.
+11
ryslife888
2016-02-18 16:06:41
Кыргыздар озу эр келишет, себеби Манас атабызды тукумубуз. Бир гана "патриотбуз" деген эргулдар биздин элди уят кылып жатышат. Окунучтуу, кызды кучсуз, алсыз жана эрксиз гана эркек ур токмокко алат.Чыныгы эр азаматтар кобойо бергиле, элибизге кызмат отой бергиле! Биз силер менен сыймактанабыз!
+10
Aviator
2016-02-18 16:13:31
красавчик
+2
Santanna
2016-02-18 16:20:01
Азамат жигит экен,башка болгондо оозун ачып эмне кылмак экен деп тамаша кылып турмак эледа,бир адамдын омрун сактап калыптыр олбосода жаракат алгандан сактаптыр, Кудай куткарган милиция жигитти жаман кырсыктардан сактасын демекчимин,бул жигитти Кудай жибериптирда кыздын омурун сактаганга себепчи кылып,Алла ыраазы болсун!
+6
Patriot..kg
2016-02-18 17:27:46
Азамат
+3
Drongo
2016-02-18 18:33:44
Азамат жигит экен.
+2
TGA
2016-02-18 20:46:22
Чын элеби?
+1
RaHat19
2016-02-18 21:27:18
ушундай кыраакы милициялар керек.шектуу корунуп калганын карачы.эми ал кызга маралдык жактан жардам бериш керек психологдон дагы.
+1
Afina
2016-02-18 22:22:21
жакшыыыы сыйлык Берио керек)
0
Nendi15
2016-02-19 00:20:34
Ажалы жетпеген экен да ичер суусу тугонбогон экен милицияны себеп кылып аман калыптыр
0
Nazikbaigazy
2016-02-19 01:00:06
Булда бир адамдын омурун сактап калды.жогорку тараптан сыйланыш керек
0
nurkasym-2014
2016-02-19 10:17:40
20-25 метр болбосо да 15 еочна бар.Ал копуро бир топ эле бийик.
-1
malikam
2016-02-21 19:25:32
дагы жакшы улгуруп калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан