Футзал боюнча Азия чемпиондугу-2016: Улуттук курамабыз Азия чемпиону Японияны ири эсепте утту (фоторепортаж)

Футзал боюнча Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Азия чемпиондугу уланууда. Жакынкы арада жарым финалдык оюндар болот. Ага чейин чейрек финалда утулуп калган Кыргыз Республикасы, Ирак, Австралия, Япония курамалары 5-орунду талашып жатышат. Бул орун ээси жарым финалга чыккан 4 команда менен бирге Колумбияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат.

Жобо боюнча алгач кыргыз футболчулары Япония курамасы менен, ал эми Австралия курамасы Ирак менен ойноду. Бул оюндарда уткан командалар 5-орун үчүн таймашышат.

Жыйынтыгында кыргыз футболчулары 6:2 эсебинде учурдагы Азия чемпиону Японияны утуп чыгышты. Ал эми Австралия курамасы Иракты 5:3 эсебинде утту. Эми 5-орун ээси Кыргыз Республикасы - Австралия беттешинде аныкталат. Оюн 19-февралда орун алат.

Футзал боюнча Азия чемпионаты. Япония - Кыргызстан 2:6
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zinza.girl
2016-02-18 23:50:05
Кудайдан женишинерди гана каалайбыз. Азаматсынар! Мен абдан сыймыктанып жатам
+7
adidas.
2016-02-18 23:56:10
Ооо баркелдееее,бар экенсинер го.Эми Австралияны 12-3ко уткула.Ийгилик!
+10
Artyr1994
2016-02-19 02:08:41
adidas.,же утулгула
-6
Nursultan.92
2016-02-19 00:00:00
Алга кыргыздар
+4
777amanasan
2016-02-19 00:01:46
Азаматсынар, Кыргызстан Алга... Ийгилик!!!
+5
elchi84
2016-02-19 00:18:37
Ийгилик каалайм
+5
bolsunalban
2016-02-19 00:45:02
Алгаааа
+5
kgalik
2016-02-19 01:11:55
алга Кыргызстан алга жаштар
+4
Aman97kg
2016-02-19 06:51:12
Баарына ийигилик каалайм азаматсынар
+3
musa-jalabatskii
2016-02-19 07:47:37
Алга Кыргызстан ийгилик Австралияны да уткулаа
+3
buduz-80
2016-02-19 08:41:54
тан эрте жакшы кабар угуп,кубанып отурам,ирандан утулганда аябай капа болду элем,эми минтип кубанып калдым.Азаматсынар!!!!
+1
Ruslan_d
2016-02-19 08:54:56
Эмки оюнда жакшы ойногула жигиттер ийгилик силерге!
+1
Aytur
2016-02-19 10:22:06
Журогуп жарылып кетчудой бооуп, аябай жиндеп алдым эле Иран менен ойногондо.
Бугун тоом кокко жетип жыргап калдым!
Жигиттер алга! Азаматтар!
+1
islamchik
2016-02-19 12:15:53
админ австралия менен бугун саат канчада ойнойт екен ошону билип бересинерби сураныч
0
take.kg86
2016-02-19 13:18:51
Австралия 1 - 3 Кыргызстан
0
ArgenMers
2016-02-19 15:21:16
take.kg86,
Сереьзно элеби
0
tima.barpy
2016-02-19 14:09:16
Абдан жакшы Кыргызстан алгаааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан