25-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул мелдеште алгач кыргыз, түркмөн, өзбек, казак мушкерлеринин катышуусунда 5 рейтингдик беттеш өттү. Андан соң Кыргыз Республикасы - Дагестан командалык тирешине кезек берилип, анда 10 беттеш орун алды. Жыйынтыгында 2 беттеште тең чыгуу катталса, 4 беттеште дагестандыктар, 4 беттеште кыргыз мушкери жеңүүчү аталды.
Алгач тең чыгууларга токтолсок, кыргыз спортчусу Абдулгаджи Газиев дагестандык Салавудин Абушев менен беттешип (66 килограмм салмакта), жеңүүчү аныкталган жок. Ал эми кыргыз спортчусу Самат Эмилбеков менен дагестандык Жамбул Чергезханов айыгышкан беттеш өткөрүп (77 килограмм салмакта), бирок жеңүүчүнү аныктай алышкан жок.
Мелдеште кыргыз мушкерлеринен Алимардан Абдыкааров (61 килограмм салмакта), Нурлан Токтобакиев (93 кг), Нарис Сулайманов (77 кг) жана Жумабек уулу Актилек сыяктуу мушкерлер жеңилүүгө мажбур болушту. Ал эми дагестандык атаандаштарын Кямран Аббасов (80 кг), Кубанычбек уулу Абдисалам (70 кг), Салмоор Эргешалиев (66 кг) жана Тынчтыкбек Иминжанов (61 кг) сыяктуу кыргыз спортчулары ута алышты.