Улуттук коопсуздук кызматынын имаратында жардыруу болгон жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов сыртка чыгып журналисттерге айтты.
"Имаратта электр тогун өткөрүп берип туруучу проводдо жалын чыкканынан түтүн жайылды, андыктан Өрт өчүрүү кызматы келди. Учурда баары жайына келди. Имарат стратегиялык объект болгондуктан, милиция кызматкерлеринин курчоого алышканы - алардын кадимки иши",- дейт Сулайманов.
Айрымдар өрт УКМК имаратынын убактылуу кармоочу жайынан чыкканын айтышууда. Учурда абал тынч. Өрт өчүрүү жана "Тез жардам" кызматы кетти.