Бүгүн, 6-мартта АКШда эрежесиз эр уруш боюнча UFC-196 деген аталышта мелдеш болду. Анда күндүн башкы беттеши ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Нейт Диаздын ортосунда болду. Жыйынтыгында америкалык мушкер атаандашына муунтуу ыкмасын колдонуп утуп алды.
Мелдеш алкагында кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу Валентина Шевченко октагонго чыкты. Ал бразилиялык Аманда Нунез менен беттешип, утулуп калды. 3 раунддун жыйынтыгында калыстардын экөөсү жеңишти Нунезге берсе, бир калыс Валентинаны жеңүүчү атады. Беттеш 62 килограмм салмакта өттү.