Окурман Оштогу Аскар Шакиров көчөсүндөгү аялдаманын абалына, жол чырактын туура эмес коюлганына нааразы.
"Оштогу Аскар Шакиров көчөсүндөгү аялдама кейиштүү абалда. Тиричилик үйүнүн жанындагы аялдаманын жанына жол чырак койгон экен, ал дагы тетири: унаа менен оң жакта баратканда сол жактагы жол чыракты карайсың, а бизде оң жакка үстүнө коюп койгон. Унаа менен жол чыракка жакыныраак токтосоң, моюнуңду созуп асманды карашың керек, анткени ал так төбөңдө",- деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.