Орусиялык теннисчи, Чоң шлем түркүмүнө кирген мелдештерде 5 ирет жеңүүчү аталган Мария Шарапова жакын арада карьерасын жыйынтыктап калышы мүмкүн. Бул тууралуу спортчу 7-мартта өткөргөн маалымат жыйынында кабарлаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, спортчу тапшырган допинг тесттин жыйынтыгында анын мельдоний препаратын колдонгону аныкталган. "Болуп өткөн окуя боюнча жоопкерчиликти өзүм алам жана өзүмдү гана күнөөлөй алам. Мен ушундан улам карьерамды бүтүрүүнү каалабайм. Кайрадан кортко кайтып келем деген үмүтүм бар",- дейт спортчу.
Белгилүү болгондой, бул үчүн Эл аралык теннис ассоциациясы кандай чара көрөрү азырынча белгисиз. Бул спортчунун карьерасына чекит коюшу мүмкүн экени да болжонууда. Белгилүү Nike бренди спортчу менен келишимди бузду.