Борбор калаада 6 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Айжан Суранбекова жана анын курбусу Мээрим Мырзабекова изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына шаар тургуну Алина Жыргалбекова билдирди.
"Айжан менен Мээрим жакын курбулар. Экөөнүн дайынсыз болуп жатканына 6 күн болду. 6 күндөн бери окуусуна, курбу-досторунукуна да барышкан эмес. Алар байланышка чыкпай жатышат. Мен Айжандын агасынын досу болом, агасы анын жоро-жолдош, тааныштарынын баары кыздарды издеп жатышат. Кыздардын жоголгондугу тууралуу милицияга да арыз жазганбыз. 8-март күнү шаардагы сайрандоочу жайларды кыдырып чыктык, бирок издөө иштери натыйжасыз болууда. Айжан шаарда чоң энеси менен жашачу, анын ата-энеси, туугандары Москвада жашайт. Апасы кызынын жоголуп кеткенин угуп бул жакка келген. Учурда ал өзүн начар сезип ооруканада жатат. Эгер бул кыздарды көргөн-билгендер болсо, сөзсүз кабарлап коюуңуздарды өтүнөм", - дейт А.Жыргалбекова.
Бул эки кыздын туугандары эгер кыздар үйлөрүнө кайтып келүүдөн коркуп жатышса, "аман-сообуз" деп чалып коюуну өтүнүшөт. Кыздарды көрүп-билгендер 102 же (0779) 61-80-62, (0778) 31-62-64 номурларына чалсаңыздар болот.