Улан Исраилов УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы болуп дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаев 10-мартта кол койгон буйрукка ылайык, Улан Исраилов Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору болуп дайындалды.

Улан Исраилов буга чейин ИИМ түзүмдөрүндө кызмат аркалап келген. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин башчысы болуп иштеген. Бир кезде азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштегени да айтылууда.

Эскерте кетсек, Коррупцияга каршы кызматын буга чейин Бөкөнбай Казаков жетектеп келген. Бүгүн президенттин буйругу менен кызматтан алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан