Кыргыз жарандары дүйнөнүн 30га чукул өлкөсүнө визасыз кире алышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Буга чейин "кыргыз жарандары 58 өлкөгө визасыз кире алышат" деген маалымат тарап кеткен. Бул маалымат туура эмес берилип калган. Учурда кыргыз жарандары кайсы өлкөлөргө визасыз кире алышары тууралуу документтерди даярдап жатабыз. Андай өлкөлөрдүн саны 30га чукул. Андай өлкөлөргө сапарга барып калган жаран көрсөтүлгөн мөөнөттөн да көпкө жүрө турган болсо, сөзсүз түрдө каттоодон өтүп коюшу зарыл",- дейт Максадбек Жуманбеков.
Кыргыз жарандары жалпы жарандык паспорт, КРнын дипломаттык жана кызматтык паспорту менен визасыз төмөнкү өлкөлөргө кире алышат:
1. Азербайжан (30 күн);
2. Армения (30 күн);
3. Грузия (30 күн);
4. Молдова (30 күн);
5. Беларусь (30 күн);
6. Тажикстан (30 күн);
7. Малайзия (90 күнгө чейин);
8. Түркия (180 күндүн ичинде 90 күн);
9. Украина (90 күнгө чейин);
10. Өзбекстан (60 күнгө чейин);
11. Монголия (90 күнгө чейин);
12. Филиппин мамлекети (30 күнгө чейин);
13. Вьетнам (30 күн);
14. Түндүк Корея (30 күн);
15. Куба (30 күн);
16. Лаос (30 күн).
Кыргыз жарандары жалпы жарандык паспорт, КРнын дипломаттык жана кызматтык паспорту, ID-карта жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен визасыз төмөнкү өлкөлөргө кире алышат:
1. Казакстан (30 күн);
2. Орусия Федерациясы (30 күн).
Кыргыз жарандары КРнын дипломаттык жана кызматтык паспорту менен гана визасыз төмөнкү өлкөлөрдө белгилүү убакка чейин жүрө алышат:
1. Венгрия (30 күн);
2. Кытай (30 күн);
3. Түркмөнстан (30 күн);
4. Иран (30 күн);
5. Пакистан (30 күн);
6. Словакия (30 күн);
7. Түштүк Корея (30 күн);
8. Индонезия (30 күн);
9. Индия (90 күн);
10. Польша (90 күн);
11. Катар (90 күн);
12. Эстония (90 күн).