"Митинг ордуна эмгек кыл!" Аксыда митингчилерге каршы чыккан топ элди иш кылууга чакырды

Аксы районунун борбору Кербен шаарында бүгүн, 14-мартта митингчилерге каршы топ да митингге чыкты. Алар бийликке талап коюп чогулгандардын арт жагында "Митинг ордуна эмгек кыл!", "Жаздын бир күнү кылымга тете", "Демократия - бул укук эле эмес, милдет дагы", "Аксынын жаштары митингдерге каршы!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Жергиликтүү тургундардын бири SUPER.KG`ге кабарлагандай, чакан топ аксылыктарды саясий акцияларды токтотуп, иш кылууга үндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан