Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованын кызматтан өз ыктыяры менен кетүүсүн Жогорку Кеңеш жактырды

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованы ээлеген кызматынан бошотууну жактырышты. Депутаттардын 84ү "макул", 2си "каршы" добуштарын беришти.

Айта кетсек, Э.Ибраимова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. 10-мартта президент Алмазбек Атамбаев аталган арыздын негизинде Эльмира Ибраимованы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрайымы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Элмира Ибраимова аталган кызматка 2012-жылдын 10-ноябрына дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан