Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай электр жарыгысыз калып, 20 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү саат 08:20 чамасында катталган. Анда 52 000 метр куб жер көчкү жүрүп, 5 электр мамысын авариялык абалга келтирген. Андан сырткары жер көчкү Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган.
Белгилүү болгондой, аталган турак үйлөрдүн жашоочуларына КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коопсуз жерге көчүп кетүү боюнча корутунду берилди. Учурда райондук комиссия тарабынан авариялык абалга келген электр мамыларын калыбына келтирүү иштерине техника жана күйүүчү майлар каралууда.