УКМК: "Сурак берүүгө алынып келинген Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотула элек"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүүгө кечээ, 24-мартта жеткирилген Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотула элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына оппозициялык активист Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, эртең К.Кадыров менен Б.Асановго карата соттун санкциясы чыгары күтүлүүдө. "Мыйзамга ылайык, УКМКга алынып келинген адам 48 сааттан көп эмес убакыт кармалышы керек",- деди Турдукулов. Мындан тышкары ал бүгүн К.Кадыров жана Б.Асановду бошотуу талабы менен нааразычылык акция уюштурбаганын баса белгиледи.

УКМКнын басма сөз кызматы учурда Асанов менен Кадыров УКМКда сурак берип жатышканын маалымдады. "К.Кадыров жана Б.Асанов коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат",- деп эскертет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан