12:05. Кыргыз тарап Өзбекстанга эч нерсе убада кылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн делимитация жана деморкация маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.
Анын айтымында, эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында өзбек аскерлерин Чала-Сарт аймагынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган. "Мамлекеттик чек араны аныктоо иштери мындан ары уланат. Үңкүр-Тоо жана Орто-Токой суу сактагычы өзбек тарапка берилбейт. Үңкүр-Тоо аныкталбаган аймакта жайгашкан, ал эми аталган суу сактагыч биздин аймакта жайгашкан",- деди Искандаров.
10:10. Аксы районунун аймагындагы чек ара тилкесинен Өзбекстан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариевге маалымат берди. Өкмөттүн басма сөз кызматы кененирээк маалымат жыйын уюштуруларын кабарлады.
08:48. Өзбек чек арачылары 7 күндөн бери көзөмөлдөп турган Аксы - Ала-Бука унаа жолунан кете башташты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүсү Бейшеналы Ашимов билдирди. Азыркы учурда жолдогу бетон тосмолор алынып, БТРлер кетип жатканы айтылды.
08:28. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчыларынын сүйлөшүүсү кечээ саат 22:00гө жакын аяктады, жыйынтыгы жакын арада жарыяланат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.