Бишкекте камакка алынган Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева кечээ, 28-мартта ишемиялык инсультка кабылып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына ИИМдин Медициналык башкармалыгынын жетекчиси Жыргалбек Жакыпов билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ өзүн начар сезген Жанабаева тез арада ооруканага жеткирилип, ага "ишемиялык инсульт" диагнозу коюлду. Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин катуу стресстен жана кан басымынын көтөрүлүшүнөн улам анын мээсиндеги кан айлануунун бузулганы аныкталган.
"Кечинде З.Жанабаева жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө дарыланууда. Ал жакта 10 күндөй дарыланат",- деди Жакыпов.
Айта кетсек, 24-март күнү саат 23:30 чамасында Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан З.Жанабаева ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.