Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстанга караштуу аймак деп көрсөтүлүп интернетке тараган документти өкмөт "жасалма" деп билдирүүдө. Кыргыздын жерин башкаларга таандык деген токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койбогонун буга чейин да билдиришкен. "Бул кезектеги "бекназаровдук" чагымчылдык",- деп айтылат өкмөттүн маалыматында.
Бирок протоколду ММКларга тараткан адамдар жер берүүгө байланыштуу премьер-министр Темир Сариевдин колу коюлган документ оригинал экенин айтышып, өкмөттүн актануусун айла кеткендеги аракет катары баалашууда.
Оппозиция өкүлү Азимбек Бекназаров Аксыдагы тоонун кыргыздарга таандык экенин белгилеп, аны коңшу өлкөнүкү деп чечим чыгарган премьер-министр жооп бериши керектигин талап кылууда. Өлкөнүн бүтүндүгүнө байланышкан бул маселеде Бекназаровдун айтканына кошулуп өкмөттү сөгүп жаткандар арбын...
Документтин оригинал экенин Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев да айтууда.