Парламент комитети КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун отчётун жакшы деп баалады

Айнуру Алтыбаева, КСДП фракциясынын депутатыПарламенттин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитети бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин 2015-жылы жасаган иштери тууралуу элчи Кылычбек Султановдун отчётун укту. Комитет мүчөлөрүнүн билдиришинче, депутаттар элчинин отчётуна жогору баа беришти.

"Малайзиядагы элчи Кылычбек Султанов отчётун берди, маалымат катары уктук. Негизи, элчи активдүү иштеп, көптөгөн иштерди аткарып жатат. Окуучуларды кышкы каникулда Малайзияга алып барып, ал өлкө менен тааныштырып келди. Малайзия туризм жактан аябай өнүккөн мамлекет, үйрөнө турган нерсебиз көп.

Аталган өлкө коррупция менен да катуу күрөшөт. Алардын тажрыйбасын үйрөнүү боюнча өкмөткө, Тышкы иштер министрлигине сунуштамаларды бердик. Аларда бул жаатта кандай мыйзамдар иштей турганына кызыгып жатабыз. Элчинин отчёту жакшы болду",- деп билдирди депутат Айнуру Алтыбаева.

Белгилей кетсек, кабыл алынган эреже боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кошумча Бруней, Индонезия, Таиланд өлкөлөрүндө да элчилик кызматты аткарыш керек. Ал үчүн аталган өлкөлөрдө аккредитациядан өтүшү кажет, бирок эмдигиче аккредитация боло элек. Бүгүнкү отчётто ошол иштин кечиктирилип жатышы тууралуу да талкуу болду. Комитет мүчөлөрү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бул ишти эртелетүү тапшырмасын беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан