Жаңы конуштарда ата-энелер үчүн балдарга туура тарбия берүү боюнча сабактар өтүлүп жатат

30-мартта "Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат” аттуу долбоордун кезектеги иш-чарасы Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушунда болуп өттү.

Балдарды коргоо борборунан кабарлашкандай, долбоордун максаты жалпы коомчулукту балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга чакыруу, бала тарбиялоо иштерин мектепке жүктөп койбостон,
ата-энелердин, коомчулуктун балдарга карата жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Башта ата-энелер үчүн “Баланы зордук-зомбулуксуз тарбиялоо” деген темада тренинг өткөрүлгөн. Окуп келген ата-энелер “Мээрим” клубун түзүп, кичи грантка ээ болушкан. Анан билимдерин башка ата-энелерге жайылтуу максатында ар бир мектепке бала тарбиялоо ыкмалары боюнча ата-энелерге сабак өтүштү. Бул ресурстук борбордо балага кантип учурдун талабына ылайык зомбулуксуз тарбия көрсөтүү боюнча кеп-кеңештер берилет жана ата-энелер үчүн кыргыз тилиндеги китептер жыйнагы менен толукталган.

Ачылыш аземинде Дордой, Эне-Сай, Ак-Бата, Ак-Жар жана Келечек конуштарынын тургундары, мугалимдер, маала башчылары куттуктоо сөздөрүн айтышып, ыр-бий коштогон маанайда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
DNurgiza
2016-03-31 21:55:48
жакшы го...
0
Komrad
2016-04-01 07:40:33
Ыр бийи жок эле ишти баштай беришпейби?? ачылыш болгудай бир имарат курул[moderated].
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан