Бишкекте жаңы иштей баштаган патрулдук милиция жол чырак иштебеген жерди көрүп, качып кетти

Бишкекте 1-апрелден 2-апрелге караган түнү Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей айдоочуларга ыңгайсыздык жаралды. Бул учурда жол кыймылын жөнөкөй жарандар жөнгө салышып, жолдун ортосунда МАИ кызматкеринин милдетин аткарышты.

Жарандар кырдаалды видеого тартышкан. 1-апрелден тарта жаңы иштей баштаган патрулдук милициянын автоунаасы жол чырак иштебеген жерге келип, бирок жол кыймылын жөнгө салуунун ордуна кайра качып кеткени видеого тартылып калган. Аталган жерден патрулдук милициянын башка кызматкерлери да өткөн, бирок реакция жасашкан эмес. ИИМ буга чейин патрулдук милиция окуя болгон жерге ыкчам жетип барып, чара көрөрүн айтып жаткан. Жаңы кызмат ишин баштабай жатып коомчулуктун сынына кабылды.

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгы кырдаалды иликтеп, окуя болгон жерден качып кеткен күнөөлүү кызматкерлерге чара көрүлөрүн билдирди.

Патрулдук милиция жол чырак иштебеген жерди көрүп, качып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
Shef87
2016-04-03 19:02:53
иим башынан сасыган да
+2
esimdesin
2016-04-03 19:39:24
патрулдук милициядеген кандай алар эмне кылат? билгендер кененирээк түшүндүрүп койгулачы сураныч
+2
dobrajelatel
2016-04-03 19:54:04
Ошол жерде кыймылды жонго салган жигиттер азамат!
+3
Decmond
2016-04-03 19:59:29
Админдер кана менин билдируум???
0
admin_portal
2016-04-04 09:31:10
Decmond, саламатсызбы!
Экинчи баракта.
0
Mongol1155
2016-04-03 20:05:58
Буларды жакшы окутуп туруп,анан иштетсе болмок.Буларга бул жерге тур десе турушат,озунчо чечим чыгара алышпайт окшойт.
0
Baltun
2016-04-03 20:28:07
Патруль кызматчылары дипломду сатып алганда.эрежени билишбейт.
+4
89Kanatbek
2016-04-03 21:08:24
Мына ушуну айтса болот. Дедка это Бишкек деп.
-2
RASTAMAN
2016-04-03 21:13:30
Alyp jatkan akchany bir az bolso da paidany tiygizip al.
0
mergen4i
2016-04-03 21:54:05
Туура кыдат!Зачем ага ал жерде дирижировать этип?Турбайбы көчө толо иши жок эл,кылышсын тентивей.Аны дагын сен өт сен токто деваткан жеринен Чоң же Баласы келип үстүнө свлыверсин э?Коой...Андан көрө бир кычыкка бекинип холтура кылса ошол пайдамеспи?
-8
ayjamal83
2016-04-04 08:35:49
mergen4i,сага 2,жазганы озун эле тушунбосон,мен тушунбодум.
+5
altishka
2016-04-04 01:59:46
Булардын жообу даяр ой бир жакта бироону бироо олтуруп атыптыр ошол жака шашып кетип атканбыз дейт белгуулу эле кагылайын кыргыз элим булардын шылтоосу коп кой конкреттуу турдо бир чара колдонуп жаза тартайын дебейт беттерин былтыйтып отура берет буга биз конуп деле калбадыкбы
.....
0
zamir-bek
2016-04-04 06:46:02
Качкан патрульный машинанын номерин да тартсанар болмок экен. Ким экенин эл билмек да.
0
aiba_00
2016-04-04 09:02:57
Ушуп шишип турганча деп качып кетишти да, акча чыкчу жер болсо баса калышмак да, телевидение чакыртып, иштеп аткан киши болушуп.
+1
sabyr86
2016-04-04 12:42:57
Милиция болуп жүрүп эле гаи болуп калышса,бул жерде не болуп атканына баштары деле жэткен жок болуш керек адардын.
0
Uli6886
2016-04-04 14:21:51
Б...я уют кыргыз ГАИсине кана бетинер кызарат бекен жетекчилердин. ХХХ !!!!!!!!!!!!!!!
0
admin_portal
2016-04-04 15:01:53
Uli6886, этика нормаларын сактаңыз!
-1
JANAR
2016-04-26 11:59:01
Бул балдар эмне болушту ошондо... Кененирээк маалымат барбы? Жумушка алыштыбы балдарды?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан