Бишкек шаарына Кытайдан 10 жаңы автобус алынып келинди. Мэриянын билдиришинче, автобустарды кызматташтыкты өнүктүрүү программасынын алкагында Үрүмчү шаарынын мэриясы белек кылган. Азыркы учурда тийиштүү документтер толтурулуп жатат. Газ менен жүргөн автобустарды башкарганды үйрөтүү үчүн Бишкекке кытайлык адистердин келери айтылды.