Бишкек. Жол чырак иштебеген жерди көрүп, качып кеткен патрулдук милициянын 3 кызматкери жумуштан алынды

Бишкекте 1-апрелден 2-апрелге караган түнү Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей айдоочуларга ыңгайсыздык жаралган. 1-апрелден тарта жаңы иштей баштаган патрулдук милициянын автоунаасы жол чырак иштебеген жерге келип, бирок жол кыймылын жөнгө салуунун ордуна кайра качып кеткени видеого тартылып калган. Бул учурда жол кыймылын жөнөкөй жарандар жөнгө салышып, жолдун ортосунда МАИ кызматкеринин милдетин аткарышкан.

SUPER.KG порталына бүгүн, 5-апрелде ИИМден кабарлашкандай, өз ишин так аткарбаган, бул окуяга тиешеси бар патрулдук милициянын 3 кызматкери жумуштарынан алынды. Мындай чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Nurbol
2016-04-05 18:45:10
Болду ошол элеби? Аны ишке алган комиссия, алардын жетекчиси кошо иштен кетиш керек мына ошондо онолобуз, мындай чечимдер менен артка кетип эле баратабыз го...
+1
ulanbek120190
2016-04-05 19:02:20
Nurbol,any iwke komissiya korgondo kachyp ket dep iwke alyptyrby?ХХХ ХХХ
+5
Nurbol
2016-04-05 20:35:16
ulanbek120190,бироонун жол кыймылын жонго салып турганын коруп, милдетин аткарбай качып кеткен жоопкерчиликсиздерден эмесмин
+1
admin_portal
2016-04-06 11:06:40
ulanbek120190, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
0
Adilet92
2016-04-05 18:46:57
Туура кылыптыр
+7
ulan_sabina
2016-04-05 18:49:52
Иштен алып эле тим болбой. Аны ишке алган комиссияны жетекчисине кошуп кылмыш ишин козгош керек. Андай ишин так аткарбаган жоопкерчиликсиз эргулдарга
0
more22
2016-04-05 18:55:11
бир машинада канча сотрудник болот? ошончо машинада учоо эле бекен же калгандарынын ''ТАНКА''сы бар бекен?
+1
more22
2016-04-05 18:57:26
Аты жонунда жазып койгула иштен алынгандардын
+2
imanchik
2016-04-05 19:41:41
Мына ушундай жаза болуш керек
+2
Kroxa
2016-04-05 21:46:17
Уч-торт машина эмес беле уч киши дегени балп го,,,
0
chalmagrad
2016-04-05 22:23:17
гаилерге акча болсо болду
+1
alai1987
2016-04-05 22:46:54
жолдо ХХХ машиналарды онго солго деп башкарып тургандан коро бир кычыка кирип алып ХХХ ХХХ ХХХ болуп машина тосуп иштеген жакшыда ошондо чонток толот.
0
admin_portal
2016-04-06 11:08:14
alai1987, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
0
Shef87
2016-04-05 22:54:39
кана далил аты жону ким бошоду кантип ишенсе болот
+2
jooshbala
2016-04-05 23:07:47
Булар жөн эле иштен бошоттук деп койду да
. Бизде ушундайго сотто да сырттан чечим чыгарып коет камалды деп...
+1
Mirkgz-1990
2016-04-05 23:39:03
Кандай жакшы кандай жакшы ушул көз ирмем !! !!
+1
ofiser26
2016-04-06 06:39:20
А эмне учун аттестатциядан откоргондор жоопко тартылбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан