Бишкекте 1-апрелден 2-апрелге караган түнү Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калып, жол кыймылын 1,5 саат жөнөкөй жарандар жөнгө салышкан. Учурда патрулдук милиция ала таякты колго алып жол ортосунда патрулдук милициянын ишин аткарган жаранды издеп жатат. Ага ИИМ ыраазычылык билдирип, патрулдук милицияга жумушка чакырмакчы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Учурда анын өздүгүн аныктай албай жатабыз. Негизи, анын документтери туура болсо, аскердик кызматты өтөгөн болсо, патрулдук милицияга сынакка катышууну сунуштайбыз. Албетте, өз каалоосу болсо сынакка кирип, жумуш ордуна ээ болуп калышы мүмкүн",- деди Жол-патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов.
Кошумчалай кетсек, жол чырактын иштебей калганын көргөн патрулдук милициянын унаасы токтобой өтүп кеткени видеого тартылып калган. Унаанын ичиндегилердин өздүгү аныкталып, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жумуштарынан айдалышты.