Америкалык басылмалар белгилүү актриса Анжелина Жоли тууралуу сенсациялык маалымат таратып, Жоли ден соолугу начар абалда ооруканага жаткырылганын жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, боюнун узундугу 169 сантиметр болгон актрисанын салмагы учурда 35 килограммга гана жакын. Эгерде актриса күн сайын арыктай берсе, анда организмде дарылоого мүмкүн болбогон процесстер башталат. Ал учурда рак, анорексия менен ооруп, абалы күндөн күнгө начарлагандыктан ооруканага жеткирилген. Айрым ММКлар "актриса өлүм алдында болушу мүмкүн" деп жазышууда.
Белгилей кетсек, буга чейин дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарында Жолинин ден соолугу кескин начарлаганы, үй-бүлөсүндө көйгөйлөр бар экени жана актриса рак илдетине чалдыкканы тууралуу маалыматтар тараган. Жоли өзүнүн маектеринде апасы каза болгондон кийин катуу стресске кабылып, арыктап кеткени тууралуу айткан. Кийин сүт жана энелик бездерин алдырып, 2 жолу операция жасаткан.