Алмазбек Атамбаев: "Дүйнөлүк экономикалык кризис маалында өлкөдө электр энергиясына болгон бааны көтөргөнгө болбойт"

Бүгүн, 9-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Таалайбек Нурбашев менен Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди кабыл алды.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, анда президент электр энергияны импорттоо планы жана электр энергиясынын баасын 10 пайызга көтөрүү планы тууралуу (2014-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында 20 пайызга көтөрүү каралган) маалымат алды. Буга катар мамлекет башчыга 1-апрелден тарта тарифти 20 пайызга жогорулатуу планы тууралуу айтылды.

Президент өз кезегинде учурда электр энергиясына болгон бааны жогорулатуу болбой турганын айтты. "Дүйнөлүк экономикалык кризис маалында калкка берилген электр энергиясынын баасын жогорулатуу боюнча маселени салмактап, терең иликтеп чыгып анан кароо керек. Азыркы кырдаалда бааны көтөргөнүбүз болбойт",- деди А.Атамбаев.

Буга катар ал энергосектордо финансылык жоготууларды төмөндөтө турган резерв бар экенин, өлкөнүн бул тармактагы потенциалын бекемдөөнү жана өнүктүрүүнү улантуу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан