Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке премьердин министрлерди иштен алуу сунушун киргизүү укугун кеңейтүүнү сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев парламентке "Өкмөт жөнүндөгү" мыйзамда премьер-министрдин министрлерди кызматынан бошотуу тууралуу сунуштарды киргизүүсүн чектеген кемчиликтерди жоюуну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Министрди кызматынан алуу сунушунда премьер-министрди негизсиз чектеген мүчүлүштүктөрдү жоюу зарылдыгы жаралганы айтылат маалыматта. Тиешелүү кат бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарына президенттик аппарат тарабынан жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, жакында премьер-министр Темир Сариев президентке транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу сунушун киргизген. Бирок президенттик аппарат сунушта тактай турган укуктук жагдайлар бар экенин белгилеп, аны артка кайтарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан