Башкы штаб “кризистик кырдаал” деген түшүнүктү тактаган мыйзам долбоорун демилгеледи

Кыргыз Республикасынын Башкы штабы "Өзгөчө абал жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул долбоор менен төмөнкүлөр каралат:

- “кризистик кырдаал” деген түшүнүктү тактоо (жаратылыштык-технотектүү кырдаалдарды алып таштоо менен);

- “кризистик кырдаал режими”- жаңы өзгөчө укуктук режимин киргизүү, ал пайда болгон кризистик кырдаалдарга тыюу салууга, аларды жөнгө салууга жана коркунуч туудурган масштабдарга чейин жайылып кетүүсүнө жол бербөөгө мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катына ылайык, кризистик кырдаал пайда болгондо же пайда болуу коркунучунда кризистик кырдаал режимин киргизүү жөнүндө чечим Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы менен кабыл алынат деп мыйзам долбоору менен болжолдонот. Аны чечүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күчтөрү жана каражаттары жетишсиз, ал жөнүндө Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы жазуу түрүндө кабарланат. Мында кризистик кырдаал режими жөнүндө чечим өз алдынча кабыл алынбайт, тескерисинче, ыкчам штабдын курамында (Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Кризиске жооп кылуу борборунун базасында), аны менен бирге ушундай режим киргизүү жөнүндө президент – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысына дароо маалымдалат, ал кризистик кырдаал режимин киргизүү жөнүндө чечимди жокко чыгарууга укуктуу.

Кризистик кырдаал режимин аныкталган аймакка (айрым жерде) катуу чектелген көлөмдө жана 30 күндөн ашык эмес мөөнөткө киргизүү болжолдонот. Ушундай режим киргизилип жаткандыгы, аймактын чектери жана анын мөөнөтү тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу ошол аймактын калкына маалымдалышы керек. Мыйзамдын долбоору менен кризистик кырдаал режимин киргизүү, ошондой эле кризистик кырдаалды жыйынтыкталып жөнгө салынган учурда ушул режимди мөөнөтүнөн эрте жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди жокко чыгаруу мүмкүндүгү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан