Темир Сариев отставкага кетерин жарыялады

Бүгүн, 11-апрелде өкмөттүн кезексиз жыйынында премьер-министр Темир Сариев отставкага кетерин жарыялады. Анын айтымында, ал премьер-министр кызматында азыркы өкмөттүн курамы менен бир жыл иштеп, өлкө үчүн жакшы ийгиликтерге жетти. "Бул кызматка көз карандысыз талапкер катары келип шайлангам. Мен премьер-министр катары иштеп жатканымда президент тарабынан колдоону көрүп жана сезип жаттым. Мамлекет башчы менен иштешүү мен үчүн ыңгайлуу болду",- деди Сариев.

"Бир нече күн мурун өлкөдөгү "саясий климат" тезинен өзгөрдү. Өкмөт парламент алдындагы отчётту берерде анын отставкага кетери тууралуу ар кыл имиштер тарай баштады. 2015-жылдын жыйынтыктары жаман эмес экенин эске алганда, мындай сөздөр негизсиз болчу. Бирок алар кылдан кыйкым издеп, ар кандай шылтоолорду издей башташты",- деп билдирди өкмөт башчы.

"Мен кызмат ордумду амбициясы жок эле, иштин кызыкчылыгы үчүн тапшырып берүүгө даярмын, бирок актыгымды, элим үчүн ак ниет кызмат кылганымды далилдөө үчүн аягына чейин барам",- деп баса белгиледи Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан