Бүгүн, 12-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Премьер-министрлик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков экени белгилүү болду. Парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын баары анын талапкерлигин бир добуштан колдоп, талапкерге ак баталарын беришти. Талапкер Ош облусунун мурунку башчысы, парламент спикери Асылбек Жээнбековдун бир тууган агасы. Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты, экс-министр.
Коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракциялардын лидерлери сүйлөшүп же сүйлөшүү жүргүзгөндөй түр көрсөтүшкөнү менен, өкмөт жетекчилигине Жээнбековду дайындоо эчак чечилип калганы тар чөйрөдө айтылып жаткан. Мындай пикирлерге негиз берген факторлордун бири - Сооронбай "аканын" акыркы 3-4 айдагы кызматтык секириги. 2015-жылдын декабрында Ош облусунун башчылыгынан бошотулган Сооронбай Жээнбеков дароо Бишкекке "алынып келинип" Мамлекеттик кадр кызматын жетектей баштады. Көп өтпөй аны президент өзүнүн администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кылып дайындады. Мындай тездикте иш алмаштыруулардын артында сөзсүз бир мандем турушу мүмкүн эле. Тагыраагы, Сооронбай Жээнбековго аталган кызматтар жөн гана кызматтык аялдама болуп бергендей...
Убагында Максим Бакиевдин жооптуу кызматта турганын сындаган оппозицияга (азыркы бийликтегилерге) жооп катары ошол кездеги президент Курманбек Бакиев "уулум акылдуу болсо эмне кылайын, иштей берсин" деген жооп кайтарган эле. Азыркы бийлик башындагылар "Жээнбековдордун баары кыйын болсо эмне кылалы?" деп айтышканы турабы? Агасы өкмөт башчылык кызматка отургандан кийин Асылбек Жээнбеков парламент спикерлигин тапшырып берет. Бул эми бийликтин кызматтык этиканы эске алгандагы кадамы... Формалдуу түрдө "бир туугандардын жогорку кызматта турушуна жол берилген жок" деп айтылат. Бирок мындай орун алмашуу сумманы өзгөртө албайт. Анысы да, мунусу да бир эле "кожоюндун" кадрлары. Президенттик шайлоонун алдында "өзүбүздүн короодон гана кочкор салабыз" принциби мүмкүн болушунча бекемделери талашсыз...
"Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык башкаруусунан кутулдук"... Бул азыркы бийлик башындагылардын 2010-жылы ээрге отургандагы башкы урааны болчу. Азыркы күндө бакиевдик режимдегидей кадрдык мүчүлүштүктөр кайталанган жок деген кепилдик барбы? Мыйзамда тоскоолдук болбогон күндө деле Жээнбековдор династиясынын өкүлдөрүнүн жабыла мамлекеттик башкарууга аралашуусу, бийликчил бир партиянын "мыйзамдуу монополиясы" кашкайып көрүнүп турат, бул 6 жыл мурунку убадалардын унутулушу эмеспи? Жээнбековдор династиясынын дагы бир өкүлү Жусупбек Шарипов учурда Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчиси кызматын аркалайт. Акаев-Бакиевден калган эски кетмендин башын азыркылар деле тебелеп жатышкандай...
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков премьер-министрликке талапкер компромисттик жол менен тандаларын билдирген эле. Коалициялык көпчүлүктөгү 3 фракция: "Ата Мекен", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" президенттик жана көп мандаттуу КСДП менен тең ата сүйлөшүп, өздөрүнүн саясий кызыкчылыгын коргой алары кыйыныраак болчу. Төрт фракциянын лидери эмненин негизинде компромисске келишип, кол алышканы белгисиз.
Жээнбеков өзү "премьер-министр болорум түшүмө да кирген эмес" деп билдирди. Айтылган сөздүн эки жагдайы болушу мүмкүн: Биринчиси - мамлекеттик жооптуу кызматка бараткан адам ишин баштабай жатып чындыкты жашырды. Экинчиси - "өкмөт башчылыгына барып элдин жашоосун оңдойм" деген амбициясы жок адамды мажбурлап кызматка дайындаганы жатышат. Бул мажбурлоо сөзсүз Ак үйдүн 7-кабатындагылардын кызыкчылыгына иштей турганы көрүнүп турат...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча ишти жабууну көздөп, маркумдун үй-бүлөсүн коркутууда. Мындай айыптоону Бишкекте маалымат жыйында Гапаровдун уулу Адылбек Гапаров айтып чыкты. "Мага атамдын кадыр-баркы баарынан жогору. Атамдын өлүмү боюнча ишти жабуу үчүн тааныштар аркылуу канча акча аларыбызды сурап, андан баш тартканыбызда "бизнесиңди жоготосуң" деген коркутуулар болууда",- дейт маркумдун уулу.
Абдыкерим Гапаров "пара менен кармалганда жүрөгү ооруп каза болду" деп расмий маалымдалганы менен, анын өлүмүнө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын оперлеринин аша чапкандыгы себеп болгон деген божомолдор айтылып келет. Аскер прокуратурасы факт боюнча кылмыш ишин козгоп, кызматтын мурунку башчысы Бөкөнбай Казаков иштен кеткен. Эгерде УКМК кызматынан аша чапкан кызматкерлерин актоо жолун коркутуу, акча сунуштоодон издеп жатса, тармактын жакында оңолушу кыйын. Коррупция менен күрөшүүчүлөр өздөрү пара сунуштап жатышса...
Президент жакында Коррупцияга каршы кызматтын башчылыгына өзүнүн мурунку жан сакчысы Улан Исраиловду дайындаган. "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт" болуп, жогорку кожоюндун колдоосу астында кызматкерлери тайраңдап бараткан жокпу? Коррупцияга каршы күрөшүүчүлөр жогоркуларга жыйынтык көрсөтүү үчүн ыйгарым укуктарын аша чабуу менен колдонууга өтүшүнө жол берилбеши зарыл. Былык ишин жабуу үчүн коркутуп, акча сунуштагандары чын болсо, ансыз деле коомчулуктун толук колдоосуна алынбай жаткан кызматтын абийирин төктү. Сталиндин таамай айтылган сөзү бар: "Кадрлар баарын чечет". Мамлекеттик, айрыкча жооптуу кызматтарга профессионалдуулукту карабай туруп өң тааныштарды, эски досторду, туугандарды дайындоо да кооптуу жагдай... Баса, жан сакчыларды дагы...
Акыркы күндөрү жол кырсыктары көбөйдү. Өкүнүчтүүсү, айдоочулук сабаты жоктордун же жогорку ылдамдыктын фанаттарынын айынан бейкүнөө жарандар, болгондо да жаш балдар каза табууда. Акыркы эки күндө катталган автокырсыктан 1 мектеп окуучусу каза тапса, экинчиси оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Күнөөнү айдоочулардан башкага коюу мүмкүн эмес болуп турат. Биринде Эне-Сай конушунда мас айдоочу №21-орто мектептин тосмосун унаасы менен жарып өтүп 8 жаштагы Эдил аттуу баланы сүзгөн. Бала окуя болгон жерден жан берди. Экинчи кырсык Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында болду. Жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп бараткан 2-класстын окуучусун катуу ылдамдыкта бараткан №180-коомдук унаа сүзүп, бала 29 метрге аралыкка учуп кеткен. Учурда абалы оор.
Бишкекте Жол-патрулдук милиция иштей баштаганы жол кырсыктары азаюунун ордуна эмне үчүн көбөйүүдө? ИИМдин мактаган "реформасынын" тескери жагы көбүрөөк байкалууда. Мисалы, автоунаасын жогорку ылдамдыкта айдап бараткан айдоочуну мурункудай жолго жүгүрүп чыга калып токтоткон МАИ кызматкери азыр жок. Жолдо жүргөн патрулдук милициянын автоунаасы көрүнбөсө болду, айдоочу эрежелерди "жөн эле" бузууга ыктап бараткансыйт. Мурда "МАИ кызматкери жашынып турбасын" деген чочулоо бар эле. Негизи, патрулдук милициянын ишке кириши менен көчөлөрдүн баарына видеокамера коюлушу керек болчу. Ошондо жыйынтыгы байкалмак да, патрулдук милиция жок жерде айдоочулар видеокамерага түшүп калуудан чочулашмак. ИИМ мисал келтирип, "бизге да ушундай керек" деп үлгү туткан өлкөлөрдө ушундай. Эми шашпай камера орнотуп бүткүчө ала көөдөн айдоочулардын айынан дагы канча өмүр кыйылары белгисиз...
Мындай чалагайым реформанын ээси - ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаевдин артынан ээрчиген сөз көп. Алардын бири - министрдин Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорунан уткан компания менен келишим түзүүдөн баш тартканы. Тендерди үзгүлтүккө учуратканы үчүн аны жөнөкөй жарандардан тарта парламент депутаттарына чейин сындап чыккан. Азыркы даремети деле чектелүү. Анын жаңы өкмөттүн курамында калышын коомчулук колдоого алышы күмөн.