Бүгүн, 12-апрелде "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков убакыттын аздыгынан өкмөттүн түзүмүн өзгөртпөй турганын айтты.
"Премьер-министр болорум түшүмө да кирген эмес. Бирок КСДП мындай чечим кабыл алгандан кийин макул болдум. Өкмөттү башкаруу - абдан жоопкерчиликтүү жумуш. Мындан улам бир аз кооптонуп жатам. Эл алдында, Жогорку Кеңештин алдында мага берилген ишенимди актаганга аракет кылам",- деди С.Жээнбеков.