Индира Жолдубаева: "Азиз Батукаев жилик чучугунун үлгүсүн бербей койду"

Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаев жилик чучугунун үлгүсүн Башкы прокуратурага берген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

"Батукаевдин анализдерин алмаштыруу фактысын аныкташ үчүн анын жилик чучугунун үлгүсү керек. Былтыр алынган үлгүнү эксперттер экспертизага жарактуу эмес деп табышкан болчу",- деди башкы прокурор.

Мындан тышкары Жолдубаева КРнын Башкы прокуратурасы Орусиянын прокуратурасына жаңы үлгүнү жөнөтүү суранычы менен кайрылганын белгиледи. "Батукаев жилик чучугунун үлгүсүн берүүдөн баш тартыптыр. Биз аны экстрадициялоо өтүнүчү менен орус тарапка кайрылдык",- деп билдирди Жолдубаева.

Айта кетсек, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-тергөө изоляторунан Азиз Батукаев бошотулган. Ал 16 жылга эркиндигинен ажыратылып, бирок 8 жыл өтө электе эле соттун чечими менен бошотулган. А.Батукаев Бишкек-Грозный чартердик каттамы менен кыргыз өлкөсүнөн учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан