"Республика-Ата Журт" Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына Руслан Казакбаевди сунуштаганы жатат

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын отурумунда парламенттин төрагасы кызматына талапкерди сунуштоо маселеси каралып жатат. Жыйын жабык эшиктин артында өтүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Республика - Ата Журт" төрагалыкка депутат Руслан Казакбаевдин талапкерлигин сунушташы мүмкүн.

Айта кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков анын агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен эле. Учурда анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев же "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев келгени жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан