Парламенттин тармактык комитети депутаттын оң рулдуу унааларды каттатуу маселесине кайра кайрылуу демилгесин жактырды

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде оң рулдуу автоунааларды каттатуу көйгөйлөрүн жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин берген маалыматына караганда, оң рулдуу автоунааларды өлкөнүн аймагына ташып келүүгө жана каттатууга тыюу салган "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамдын күчүнө киришинен улам келип чыккан айрым карама-каршылыктарды жоюу милдети турат.

“Мыйзам долбоорунда 2015-жылдын 3-июнуна чейин өлкө аймагына алынып келинген оң рулдуу автоунаалардын ээлерине өз мүлкүн каттатуусуна уруксат берүү чаралары каралган. Каржылык кыйынчылыктардан, дагы башка жүйөлүү себептерден улам алардын басымдуу бөлүгү автоунааларын убагында каттата албай калган. Ал кемчиликти жоюу зарыл”,- дейт Д.Бекешев.

Жыйын жүрүшүндө 2015-жылдын январь-июнь аралыгында өлкөнүн аймагына 452 оң рулдуу автоунаа алынып келинип, алар толугу менен бажы жол-жоболорунан өткөрүлгөнү белгилүү болду.

Эске салсак, Ички иштер министрлиги биринчи окуу учурунда мындай демилгеге каршы эмес экенин, бирок ага дагы бир кошумча шарт киргизүү зарылдыгын белгилеген. ИИМ өкүлүнүн пикиринде, мыйзам долбоорунда каттатуу мөөнөтү белгиленбей калгандыктан, 2015-жылдын 3-июнуна чейин өлкө аймагына алынып келинген оң рулдуу автомашиналардын ээлерине өз мүлкүн каттатуусуна 6 айлык мөөнөт берилүүгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан