Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети коррупциялык жосундарга каршы күрөшүү аракеттеринин натыйжалуулугун арттыруу максатында депутат Аида Салянова сунуштаган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарына коррупциялык кылмыш тууралуу маалымат берген адамдарды сыйлоо чаралары каралган. “Долбоорго ылайык, маалымат берген адамга коррупциялык жол менен берилген паранын 30 пайызын берүү сунушталууда. Бирок материалдык сыйлоонун өлчөмү 100 миң сомдон ашпоого тийиш”,- дейт депутат Аида Салянова.
Мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарына коррупциялык кылмыш фактысы тууралуу маалымат берген адамды коргоого алуу, тагыраак айтканда, 3 жылга чейин кызматынан төмөндөтпөө же башка кызматка которбоо чаралары да каралган.