Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы спикерликке Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин сунуштайт. Тиешелүү чечим бүгүн, 22-апрелде фракциянын жыйынында кабыл алынганын фракциянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин серепчилер, саясатчылар жана ММКлар спикерликке сунушталган Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаев баары бир төрагалыкка өткөрүлбөшүн, бул үчүн атайын оюн жүргөнүн, жыйынтыгында бийлик Чыныбай Турсунбековду спикерликке алып келерин айтып келишкен. Сыягы, жаш жана амбициялуу саясатчылар Исаев менен Төрөбаев бул оюндун курмандыгы болушкандай.
Эскерте кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо өтүп, талапкерлер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам кийинки аптада жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүлмөкчү.