Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бир тууганы Эрмек Жолдубаев баңгизат менен кармалганын Казакстандын тийиштүү органдары тастыкташты. Ак үйдөгү өздүк булактын билдиришинче, буга байланыштуу башкы прокурор отставкага кетиши мүмкүн.
Эскерте кетсек, өткөн аптада "башкы прокурордун бир тууганы, 1987-жылы туулган Эрмек Жолдубаев 9-апрель күнү кыргыз-казак чек арасынан баңгизат менен кармалды" деген маалымат тараган. Башкы прокуратура мындай маалыматты бүгүнкү күнгө чейин четке кагууда.