Чоң Чүй каналына түшүп кеткен БМВнын айдоочусунун жансыз денеси табылды

23-апрелде Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа саат 20:30 чамасында Жибек-Жолу – Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. "Окуя болгон жерге №1-ӨКБнын жана Бишкек шаардык 161-кызматынын суучулдары барышып, 1952-жылы туулган К.А. аттуу славян улутундагы адамдын жансыз денесин чыгарып, фура унаасы менен БМВны суудан сүйрөп чыгарышкан",- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, бүгүн окурман SUPER.KG порталына кайрылып, аталган каналга түшүп кеткен унааны суудан чыгарууга 7 сааттай убакыт кеткенине нааразычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
altyn2015
2016-04-24 17:53:21
Кырсык каш кабактын ортосунда, кандай болгонун да билбей каласын.
0
jakilik
2016-04-24 20:21:09
Эмне болду анча
0
neizvesnyi
2016-04-24 21:45:18
jakilik, башка адамдар олтургонго сыягы
-1
neizvesnyi
2016-04-24 21:44:36
аны башка адамдар эле олтургонго
0
baktyluu_bolom
2016-04-24 22:38:55
Олтурбой эле машинеси менен сууга тушуп кетти. Аны МЧС алып чыкпайм эле,жергиликтуу тургундар алып чыгышканга аракет кылышты. Ал Эми МЧС болсо ары-бери басып журушту. Тушкуло десек кислород жок же балдары "биз олсок Ким жооп берет" деп тушпойт коюшкан
+2
admin_portal
2016-04-25 16:43:34
baktyluu_bolom, Asema06, сын-пикирлер үчүн атайын даректер бар. Кабарда жазылган маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Ал эми колдонуучу жиберген маалымат төмөнкү шилтемеде:
http://www.super.kg/kabar/news/145977/
3 күндөн БАН!
0
admin_portal
2016-04-26 09:47:49
KaiMak, сын-пикир, сунуштарды info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтүңүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан