Күйөөсү таштап кеткен 1-топтогу майып аял көксөп жүргөн максатына жетип, үйлүү болду. SUPER.KG порталы маңдайы жарыла кубанган Айзада Кожобергенованын кубанычын тең бөлүшүп, азыркы жашоо шарты менен таанышып кайтты.
Мындан эки жыл мурун Айзада айым SUPER.KG порталына маек берип, батирде жашап жатканын, үйлүү болсом деген тилеги бар экенин айткан. Өзүнүн кыйналып басканына карабай уул тарбиялап жаткан эненин үйлүү болсом деген максатын орундатуу демилгеси кайрымдуу мекендешибиз Азамат Байматовго таандык. Ал порталыбыздан орун алган Айзада тууралуу видеону көрүп, кайрымдуу замандаштарды көмөктөшүүгө чакырган. Жыйынтыгында усталар бекер иштеп берип, чет өлкөдө жашап, иштеген кыргыз жарандары акчалай жардам көрсөтүшкөн.
"Азамат абалымды сураганга келиптир. Үйдүн абалын көрүп, "өзүм колго алам" деп көмөктөшүп баштаган. Ал өзүнүн каражаттарын жана элден чогулган каражат менен илгери атам алган үйдү оңдоп-түзөп, жакшынакай кылып беришти. Жакында көчүп келебиз",- дейт Айзада айым.