Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чет өлкөдө окуп жатышкан кыргыз өлкөсүнүн студенттеринин окуу акысынын 50 пайызын мамлекеттин эсебинен төлөөнү сунуштап жатат. Депутат мындай пикирин бүгүн, 25-апрелде парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирип:
"Өздөрүнүн күчү менен чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшырышкан биздин таланттуу студенттерибиз көп. Айрымдары толук стипендия менен, айрымдары 50 пайыздык грант аркылуу окуп жатышат. Эсиңиздерде бардыр, бир студентибиз Гарвардга тапшырып, анын окуу акысын чогултууга бүтүндөй өлкө катышкан. Бүт баары ушундай агымда кетпеш үчүн жаштар фонду керек. Мына, "Кумтөр" менен соттошуп жатабыз, а бирок англис тилин билген өзүбүздүн бир дагы юристибиз жок",- деди.
Депутат чет өлкөдө окуп жаткан кыргыз жаштарына мамлекеттик колдоо зарылдыгын кошумчалады.