Сооронбай Жээнбеков 8 миң сом маяна алган мугалимдер ипотекага кантип үй алышарына жооп бере албай койду

Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйында өкмөт 2015-жылы аткарган иши боюнча отчёт берүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Евгения Строкова мугалимдер ипотекага кантип үй алышарын сурады.

"Мугалимдердин көбү 8 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Мындай киреше менен алар ипотекага үй ала алышпайт, анткени ипотекага үй алууга ай сайын 15 миң сом төлөп туруу керек. Ипотекалык насыянын шарттарын өзгөртүүгө болобу?" - деп кайрылды премьер-министрге депутат.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков буга жооп бере албай койду. "Ипотекалык насыя маселесинин айланасында көп суроолор бар. Ипотекалык компания өз ишин баштады. Акча бөлүп берүүгө аракет жасайбыз. Бул маселени дагы караштырабыз", - деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан