Сузакта жер көчкүнүн алдында калып, изделип жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы жер көчкүнүн алдында калып, изделип жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде саат 17:30 чамасында Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда жер көчкү түшүп, убактылуу жашоого салынган үйдү басып калган. Жер көчкү түшкөн учурда 3 адам (1 аял жана 2 бала) кашаа тосуп жүрүшкөн. 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан көчкүнүн алдында калып, жанында жүргөн аял менен бала качып кетүүгө үлгүргөн. Кечээтен бери жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин алкагында бүгүн саат 16:13 чамасында көчкүнүн алдынан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды.

Сузакта жер көчкү жүргөн учур
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Medina87
2016-04-28 17:10:39
Окунучтуу...
Жаткан жери жайлуу болсун!
+7
Anarbek58
2016-04-28 17:19:49
=Жакшынын омуру кыска болот= деп койушат эмеспи.Бейгунно набыт болуптур.Жаткан жери жайлуу болсун.Ата- энесине, туугандары Кайрат кылышсын.
+3
88inara88
2016-04-28 17:48:09
Аллах кылган куноолорун озун кечиргин,Ата энесине сабыр бер,окуп алып денем титиреп кетти,баарыбыздын барар жерибиз ошол кара жер,бирок эчкимибизди жаныбызды кыйнабай эле ал.
+4
alik00
2016-04-28 18:21:10
Жаткан жери жайлуу болсун
+2
admiral
2016-04-28 18:22:11
Кудай сактасынчы
+2
mirsapar
2016-04-28 18:49:35
окунучтуу бир туугандар кайрат кылыныздар. кырсыктан сактасын.
+3
zhumagul89
2016-04-28 18:58:53
Жаткан жери жайлуу болсун. Жакын туугандарына кудайым сабыр берсин. Оо кудай айттырбай келген кырсыктан озун сакта..
+1
Fatima2016
2016-04-28 21:55:08
жаткан жери жайлуу болсун ата энесине сабыр барсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан