Алдынкы көз карандысыз ISS жана Glass Lewis консалтинг компаниялары "Центерра Голд Инк." компаниясынын акционерлерине жылдык акционерлер жыйында сунушталган бардык талапкерлерге добушун берип, көрсөтүлгөн резолюцияларды колдоону сунушташат. Бул тууралуу "Кумтөр" компаниясынан билдиришти.
Торонто, Канада, 2016-жыл, 3-май: "Центерра Голд Инк." компаниясы (же "Центерра", же компания) алдынкы эки кеңештик-өкүлдүк компания Institutional Shareholder Services Inc. (ISS) менен Glass Lewis and Co., LLC (Glass Lewis) "Центерра Голд Инк." компаниясынын акционерлери компаниянын Директорлор кеңешине мүчөлүккө сунушталган бардык талапкерлерди колдоого добуш берүүнү жана KPMG LLP (кыр. "КПМГ") аудитордук-кеңештик фирманы компаниянын аудитору катарында 2016-жылы 17-майда жылдык акционерлер жыйналышында (“жыйналыш”) бекитүүнү сунуштаганын кубануу менен билдирет.
"Центерранын" бардык акционерлерин 2016-жылы 29-мартка карата компаниянын бардык акционерлерине жөнөтүлгөн жана интернетте http://www.centerragold.com/2016-meeting-materials дарегинде жайгашкан административдик мазмундагы буйруктуу кат менен таанышууну сунуштайбыз. Андан сырткары ал www.sedar.com издөө системинде жеткиликтүү. Аталган буйруктуу катта компаниянын директорлугуна талапкерлер жөнүндө кеңири маалымат, КПМГ компанияга көрсөтүүчү кызматтардын кеңири баяндамасы жана компаниянын өткөн жылкы ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү камтылган.
"Центерра Голд Инк." Директорлор кеңеши акционерлерине жыйналышта сунушталган Директорлор кеңешине талапкерлер үчүн добуш берип, КПМГ аудиторлукка бекитилиши үчүн добуш берүүнү сунуштайт.
"Центерра" акционерлерине ишенич кат боюнча добуш берүүнүн мөөнөтү Торонто убактысы боюнча 10:00дө, жума, 13-май, 2016-жылы бүткөнгө чейин добуш берүүнү эске салат.
Эгер сизге ишенич кат менен жардам керек болсо, биздин Kingsdale Shareholder Services (“Kingsdale”) ишенич кат тазилдөө агенттигине 1-877-657-5857 телефону же contactus@kingsdaleshareholder.com. электрондук почта аркылуу кайрылыңыз.
Маалымат үчүн: ISS
ISS – корпоративдик башкаруу боюнча эл аралык каржы коомчулугуна сунуштама жана кеңеш берүү боюнча дүйнөнүн алдынкы компаниясы. Акционерлеринин кызыкчылыгы үчүн, инвестициялар боюнча толук негизделген чечим кабыл алуу үчүн дүйнө боюнча 1700 түркүн уюм ISS кызматын колдонот.
Маалымат үчүн: Glass Lewis
Glass Lewis — башкаруу системи жаатында дүйнө боюнча кызмат көрсөтүүчү көз карандысыз алдынкы компания. Ал өз каражатын салып жаткан компаниялар тууралуу маалымат топтоо жана алака түзүүдө институционалдык инвесторлорго жардам көрсөтөт. Glass Lewis компаниясынын топтору АКШ, Европа өлкөлөрү жана Азия-Тынч Океан аймагында ишкердүүлүк жүргүзөт. Бул компания жалпы дүйнө боюнча маалыматка ээ болуу менен конкреттүү аймактык маалыматтарга да таянып кардарлары кабылган орчундуу административдик маселелерди чечүүгө да жөндөмдүү.