9-майда Меркурийдин Күндү айланып өтөрүн көрүүгө мүмкүн болот

Ушул жылдын 9- майында Күндүн жанынан Меркурий планетасы айланып өтөрүн көрүүгө болот. Чанда кездешүүчү астрономиялык кубулуш 100 жылда 13 жолу гана болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Меркурий аркылуу Күндүн тутулуусун биринчи жолу 1631-жылы 7-ноябрда франциялык астроном Пьер Гассенди байкаган. Бул кубулушту Жерден адамдар телескоп менен гана көрө алышат. Ал Күндүн жанында кичинекей кара чекиттей болуп көрүнөт. Мындай астрономиялык кубулушту Чолпон планетасына караганда көбүрөөк байкоого болот, анткени Меркурий Күнгө жакын жана ылдам келет. Жеңиш күнүндөгү Күн тутулуу Бишкек убактысы боюнча саат 12:00 башталары, аны 19:21 чейин байкоого болору маалыматта айтылган.

9-майда Күндү Меркурий планетасы айланып өтөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurdoolot1996
2016-05-18 21:22:55
жамгыр жаап коро Албай койдумда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан