2017-жылы Кытайда жогорку окуу жайларына кирүү үчүн жалпы элдик сынактарда мектеп окуучулары менен катар робот да болот. Ал балдар менен кошо кытай тили, математика, саясат, тарых жана география боюнча тапшырмаларды аткарып көрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Иштеп чыгуучулар белгилешкендей, алардын "баласы" университетке өтүүгө мүмкүндүк берген жыйынтыкты көрсөтүшү зарыл. Сынак учурунда роботту интернети жок атайын бөлмөгө жайгаштырышат. Андыктан темир киши өзүнүн мээсиндеги билимдерге гана ишениши керек болот. Маалыматтарга караганда, робот бардык тапшырмаларды электрондук түрдө алып, жыйынтыгын окуучулар менен бир учурда тапшырышы керек. Ошондой эле табигый эмес интеллекти өз алдынча тапшырмаларды анализдеп, түшүнүп, андан соң аларга жооп табышы зарыл.