Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин түрмөдөн эрте бошотулганы коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, Н.Түлеевдин мунапыс аркылуу бошотулгандыгында мыйзам бузуу фактылары болгон-болбогону белгисиз. "Негизи, чоң чиновниктер чоң жаңжалдар менен камалып, кийин мунапыс аркылуу бошотулганда, коомчулукта көптөгөн суроолор жаралат. Мындай чиновниктер мыйзамдын негизинде бошотулган болсо да, бул маселенин моралдык жагы болот", - деди Никитенко.
Эскерте кетсек, 7-майда Бишкек шаарынын мурунку мэри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев 4 жылдан кийин эркиндикке чыккан.
Түлеев 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган.