Бишкекте бүгүн, 11-майда Мырзайым Токобаева аттуу жаран нааразычылык акциясына чыгып, ачкачылык жарыялаган. Жабырлануучу эне уулунун мыйзамсыз 14 жылга кесилип кеткенин айтып, Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталиеваны жоопко тартууну талап кылууда.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы ачкачылык жарыялаган аялдын маалыматын четке какты. "Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2015-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү менен Нуркемел Искендеров күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылган. “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” 2014-жылдын 27-январындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, белгиленген жазанын төрттөн бир бөлүгү кыскартылган. Жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөөсү белгиленип, жаза өтөө мөөнөтү 2014-жылдын 26-январынан баштап эсептелинген", - деп айтылат маалыматта.
Жогорку Сот Искендеровго карата өкүмдү судья Жаңыл Мамбеталиева чыгарбаганын да кошумчалады.