Жогорку Кеңештин 12-майдагы жыйынында депутаттар Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө иштери эмне себептен токтоп калганына кызыгышты.
Депутат Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, өкмөт аталган ишке 500 миллион сом тапканын билдирген. "Туристтик сезон жакындап баратат, бирок Балыкчы-Корумду жолу маселеси дагы деле чечиле элек. Айдоочулар оңдолуп жаткан жолдун участокторун айланып өтүүгө мажбур болушууда", - деди Жылкыбаев.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Аширбек Темирбаев Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө иштери жанданганын билдирди, бирок кайсы булактан жана канча көлөмдөгү каражат бөлүнгөнүн белгилеген жок.